Кыштын акыркы айында катуу суук болобу? Февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Эркиндик проспектинде кишилер
Бишкектин Эркиндик проспектинде кишилер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин айтымына караганда, кийинки айда күн катуу сууктабайт, кээ бир күндөрү абанын температурасы 15 градуска чейин жылыйт.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги февраль айына карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын февралында Кыргызстан орточо айлык температурасы
Среднемесячная температура по Кыргызстану в феврале 2021 года - Sputnik Кыргызстан
2021-жылдын февралында Кыргызстан орточо айлык температурасы
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын февралында Кыргызстан орточо айлык жаан-чачындар
Среднемесячное количество осадков по Кыргызстану в феврале 2021 года - Sputnik Кыргызстан
2021-жылдын февралында Кыргызстан орточо айлык жаан-чачындар

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3 градус суук, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12 градуска чейин суук болуп өзгөрүлүп турат, түндүгүндө кээ бир түндөрү -12…-17 градуска дейре төмөндөшү мүмкүн, күндүз 0…5 — 8…13 градуска жетет. Кээ бир күндөрү -2…-7 градус суук болушу мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден -10…-15 градуска чейин суук, күндүз -3…+2 — 3…8 болуп өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Опасность лавины в горной местности - Sputnik Кыргызстан
Кар көчкү алдында калган адамды канча сааттын ичинде куткарып алса болот
Талас облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп -2…-4 градус суук болот.
Ай ичинде аба ырайы түнкүсүн -1…-6 — -9…-14 градус суук, күндүз -1…+4 — 7…12 градус жылуу болуп өзгөрүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска ашып, 0…2 жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болот.
Февралдын аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 — 0…5, күндүз 1…6° — 9…14 градуска чейин жылыйт.
Тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5 — -7…-12, күндүз -2…+3 — 7…12 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Жаңырган жылдын алгачкы кары. Тазара түшкөн Бишкектин 13 сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жаңырган жылдын алгачкы кары. Тазара түшкөн Бишкектин 13 сүрөтү
Ысык-Көл облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде сакталып, -1…-3, чыгышында -4…-6 градус суук болушу күтүлөт.
Кыштын акыркы айында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градустун тегерегинде, чыгышында кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин сууктайт. Күндүз -3…+2 — 3…8 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -10…-12, Кочкор районунда -5…-7 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 — -14…-19, кээ бир түндөрү -20…-25 градуска чейин суук болот. Ат-Башы районунда -24…-29 градуска чейин сууктайт. Күндүзү 0…-5 — -6…-11 градуска чейин өзгөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0