COVID жуктургандар дагы деле Бишкек менен Чүйдө көп. Жаңы статистика

© AFP / NATALIA KOLESNIKOVACOVID-19 бейтаптар үчүн ооруканада медициналык кызматкери. Архив
COVID-19 бейтаптар үчүн ооруканада медициналык кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда 812 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 230 бейтаптын абалы оор болсо, 48инин абалы өтө оор деп бааланууда.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 134 адамдан табылып, 152 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 46;
  • Ош – 3;
  • Чүй облусу – 45;
  • Ош облусу – 12;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 3.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 78;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 8;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 1.
Кечээтен бери Бишкек шаары менен Ош жана Чүй облустарында бирден бейтап коронавирустун курмандыгы болгон.
Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтапты кучактап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вирусолог Нурматов: британиялык жаңы штаммдын абалды курчутуп жибериши күмөн
Азыркы тапта ооруканаларда 812 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 230 бейтаптын абалы оор болсо, 48инин абалы өтө оор деп бааланууда.
Кечээ өлкө боюнча медиктерден коронавирус табылган жок. Ошол эле учурда алты медицина кызматкери сакайып кетти.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 857ге жетти. Анын ичинен 78 715и айыкса, тилекке каршы, 1 381 адам акка моюн сунду.
Жаңылыктар түрмөгү
0