12:08 19 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6069
  • EUR102.1163
  • RUB1.1437
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2491)
563220

Узаган жыл оор болду. Ушу тапта жалпы республикада оорунун мизи кайтып калганы менен кооптонуу дагы деле бар. Буга Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы штаммы да себеп болууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов менен  баарлашып, көпчүлүктүн тынчын алган суроолорго жооп издеди.

— Учурда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Муну аба ырайына байланыштырган да пикирлер айтылууда.

— Бүгүнкү күндө коронавирусту ооздуктай турган бир эле фактор бар. Ал адамдардын жүрүм-турумуна байланыштуу. Башкача айтканда, аралыкты сактап, эрежелерди кармануу. Күн сууктап оору ооздукталып турат деген пикир да туура. Себеби эл суукта эшикте, көчөдө көп турбайт. Жайдагыдай топтошуп отуруп же эс алууга, же сууга түшкөнү көл жээгине барышпайт. Ошол себептен суук фактору адамдардын бири-биринен алыс болгондуктан вирустун жайылышы төмөндөйт. Бирок коронавирус аба ырайына түздөн-түз көз карандылыгын аныктай алганыбыз жок. Муну бир нече жылдан кийин гана так айтууга мүмкүнчүлүк болот. Мисалы, грипп суукта сөзсүз көбөйөт. Ал эми ич өткөк, гепатит ооруларынын атайын мезгили болот.

— Азыр калктын 70 пайызы ооруп бүттү. Анын үстүнө вирус да адам менен көнүшүп, организмде антитело пайда болот деп жатабыз. Күндүн жылышы менен оору күчөсө деле былтыркы жайдагыдай болбосо керек?

— Эч ким кепилдик бере албайт. Вирустар эң биринчи кезекте адам менен жашап калууга аракет кылат. Алар да жашоо үчүн күрөшөт. Ошондуктан баарына бир убакта жугуп кетпөөгө тырышат. Алар элдин 70 пайызына жукса да 30 пайызына жукпайт. Анткени баары бир убакта ооруса ал вирустун өмүрү бүтөт. Андан ары жашоосун уланта албай калат, жаратылышы ушундай. Кимдин антителосу жок болсо ошолорго жугуп, башка вирустардай эле акырындан жашап кала берет. Экинчи жагынан алганда бизде азыр июндагыдай ооруй турган адам жок. Августта эле изилдөө жүргүзүп, мекендештерибиздин 30 пайызында антитело бар экендиги байкалган. Азыр жок дегенде элдин 50-60 пайызында антитело пайда болгон. Ошондой эле биз оорулардын катталышын иликтеп турабыз. Башкача айтканда, ооруп жаткан бир адам канча кишиге вирус жугузуп жатканын тактайбыз. Ушу тапта республика боюнча оорунун жугушу бирден кичине жогору болуп турат. Бул жалпысынан эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырганын билдирет. Ал эми декабрда индекс бирден да ылдый түшүп кеткен. Былтыр июлда бир киши 3-4 адамга чейин жугузуп жаткандыгы аныкталган.

Руководитель Республиканского научно-практического центра по контролю вирусных инфекций Зуридин Нурматов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов

— Европада катталып жаткан коронавирустун жаңы штаммынын өтө тез жугары жана анын өзгөчө балдарга кооптуу экендиги айтылууда?

— Кадимки биз ооруган коронавирус балдарга кандай таасир этсе, жаңы штаммдагы вирус деле ошондой таасирин берет. Башка жугуштуу оорулардан айырмасы жок. Бирок жаңы штаммдагы коронавирустун түрү балдар арасында көп жугарын айтып жатышат. Ошентсе да анын салыштырмалуу кооптуулугу илимий жактан далилденген эмес. Жайында чоң кишилер менен бирге балдар деле оорушту. Биздин изилдөөбүз көрсөткөндөй, вирусту жугузуп алган адамдардын 30 пайызы эч нерсени сезген эмес. Ооруганын өздөрү да билбей калган. Айрыкча балдар өтө жеңил көтөрдү. Же таптакыр эле байкаган эмес. Бирок буларда азыр антитело бар. Вирустун организмге кооптуулугу адамдын иммундук системасына жараша болот. Азыр вирус деле жашап калуу үчүн адамга көп зыян алып келбегидей аракет көрүп жатышат.

— Коомчулукка вирустун жаңы штаммы дегенди түшүндүрүп берсеңиз?

— Вирустун жаңы штаммы деген эмне? Азыр вирустун тирүү же өлүү экендиги туурасында да окумуштуулар арасында талаш бар. Себеби тирүү нерсе өз алдынча көбөйүүгө жөндөмдүү болот. Ал эми вирус өз алдынча көбөйө албайт. Ал тирүү клеткага кирип, андан он миңден ашык санда көбөйүп чыгат. Адамдар ар башка болгон сыңары эле вирустар да бири-бирине окшобойт. Коронавирустун да жаратылышта белгилүү болгон 40ка жакын түрү бар. Ал эми SARS – CoV-2нин 12 миңден ашык түрү жашай турганын билебиз, бирок белгисиз түрү 100 миңден ашса керек. Англиядан чыккан жаңы штамм коронавирустун бир аз өзгөргөн түрү болгону менен табияты ошол эле. Бул жукса деле мурда COVID-19 менен ооруган, антителосу барларга катуу таасир эте албайт. Анын эпидемиологиялык абалды өтө курчутуп жиберүүгө шарт түзө албасын батыштагы адистер деле айтып жатышат.

— Азыр көп мамлекеттер коронавируска каршы вакцина чыгарышууда. Анын ичинде алгачкылардан болуп Россия чыгарды эле. Биздин өлкөдө эмдөө жагы кандай болууда?

— Вакцина чыгарууга азыр бүткүл дүйнө аракет кылып жатат. Жер шарында азыр жети миллиард адам жашаса, эки миллиардга чейин вакцина чыгаруу каралууда. Анын эң төмөнкү баасы 20 доллар болот. Россия дагы бизге үч вакцина сунуштады. Бүгүнкү күнү коронавирустун SARS – CoV-2 түрүнө каршы дүйнөдө вакцинанын 200дөн ашык түрүн чыгарууга аракеттер жүрүүдө. Мунун ичинен 60ы клиникалык изилдөө тепкичинде болсо, анын он бири гана үчүнчү тепкичине жетти. Толук сыноодон өткөрүү аракеттери ушул жылдын күз айларына чейин созулушу мүмкүн.

Бизде вакцина менен камсыздалуу саясаты эки багытта жүрүп жатат. Биринчиси боюнча мамлекет тарабынан Россияга жардам сурап кат жазылган. Экинчи вариант катары дүйнө элине вакцина жеткирүүчү COVAX механизми турат. Буга дүйнөнүн 176 мамлекети кирген. Бизге булар алгач вакцинаны үч пайызга арзан берерин айтышууда. Андан кийин жалпы биздин талабыбызга жараша вакцинага берген тапшырыгыбыздын 20 пайызы бекер болору айтылган.

Руководитель Центра по контролю за вирусными инфекциями Зуридин Нурматов
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Зуридин Нурматов: вирустар эң биринчи кезекте адам менен жашап калууга аракет кылат. Алар да жашоо үчүн күрөшөт

— АКШнын Pfizer вакцинасынын бир чоң кемчилиги болуп жаткандыгы тууралуу министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди эле...

— Иштелип чыккан акыркы вакциналарды сактоо жагынан техникалык көп талаптары болууда. Кыргызстан коронавируска каршы вакцинация боюнча эл аралык COVAX механизмине мүчө. Анын алкагында алгачкылардан болуп АКШ бизге Pfizer вакцинасын сунуш кылган. Бирок азырынча Pfizer вакцинасынын бир чоң кемчилиги болуп жатат. Аны -70 градуска сактоо керек экен. Буга Кыргызстандын техникалык жактан мүмкүнчүлүгү жок. Керектүү жабдыктардын баарын сатып алышыбыз зарыл. Мындай муздаткычтарды республиканын аймактарындагы облустук борборлорго эле бирден сатып ала турган болсок, жок дегенде эле бир миллион доллар сарпталат.

Ал эми Россиянын вакцинасын -20 градуста сактоо керектигин айтышууда. Бизде ага дагы шарт жок. Өлкөдөгү эмдөө жүргүзүүдө колдонулган муздаткычтар +8ге градуска чейинки эле плюстук жабдыктар. Буга чейинки келген вакциналарды жер-жерлерге жеткирүү стадияларында плюстук муздаткычтар эле колдонулуп келет. Казакстан бул багытта даяр вакцинаны алып келип, өздөрүндө бөлүштүрүп жасайбыз деп жатат. Мындай жолду да тандай албайбыз, анткени бизде фармацевтикалык завод жок. Азыркы учурда вакцинаны кантип алып келүүнүн жолдорун караштырып жатабыз. Бул жерде толгон-токой иштер бар. Жакында эле ушул маселе боюнча министр чогулуш өткөрүп, бир катар иштерди жасадык. Эми Москвадан кандай жол менен вакцина алып келсек болору жана бүткүл дүйнөлүк COVAX механизми тууралуу да маселелер боюнча иштеп жатабыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2491)

Тема боюнча

Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстандын медиктери эмне дейт?
"Спутник V" Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда
Япония британиялык жаңы штаммдан улам өлкөгө кирип-чыгууга тыюу салды
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ