Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКишилер тротуарда бара жатышат
Кишилер тротуарда бара жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-январга караган түнү республиканын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Таласта +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көл жергесинде 0…+5, Нарын өрөөнүндө -6…-11 градус болору кабарланды.
Күндүн табы борбордо +4…+6, Ош шаарында +10…+12 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0