Россиялык окумуштуулар Тянь-Шань тоолорунан байыркы аралдын жээгин табышты

© Sputnik / Борис Приходько / Медиабанкка өтүүОтроги Тянь-Шаня в Кыргызстане
Отроги Тянь-Шаня в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкт-Петербург университетинин окумуштуулары Борбор Азиянын геологиясын өткөн кылымдын ортосунан тарта изилдеп, Тянь-Шандын геологиясы боюнча алдыңкы илимий мектепти түзүшкөн.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин окумуштуулары Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан болжол менен 500 миллион жыл мурун Кембрий океанында пайда болгон тоо тектеринин комплексин табышты. Бул тууралуу окуу жайдын сайтына жазылды. 
Аймактын тарыхын ачып берген изилдөөнүн жыйынтыгы Geoscience Frontiers журналына жарыяланды.
Сонкултау тоолорунан адакиттер, тагыраагы, алгачкы жолу Адак аралында сүрөттөлгөн тоо тектер табылган. Бул арал Тынч океанынын түндүк бөлүгүндөгү Алеут арал тоосунун бир бөлүгү.
"Байыркы тоо тектерин изилдөө бир гана аймактын геологиялык тарыхын жакшы билүү үчүн керек эмес. Ири руда кендери адакиттер менен байланыштуу. Буга Чилидеги алтын жана жез кендери мисал", — деген изилдөө тобунун жетекчиси, доцент Дмитрий Конопелько.
Чүйдө усун, сак урууларына таандык байыркы коргон табылды! Эксклюзивдүү видео - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө усун, сак урууларына таандык байыркы коргон табылды! Эксклюзивдүү видео
Сонкултау граниттеринин бөтөнчө курамы окумуштуулардын көңүлүн 2007-жылы аймакты картага түшүрүү маалында бурган.
Тянь-Шань тоолорундагы талаа иштерине бельгиялык жана австриялык окумуштуулар катышса, аналитикалык ченөө менен талаа маалыматтарын талдоону Новосибирскидеги жана Лондондогу адистер колго алган.
Санкт-Петербург университетинин окумуштуулары Борбордук Азиянын геологиясын өткөн кылымдын ортосунан тарта изилдей башташкан. Көп жылдык изилдөөлөр жана талаа тажрыйбалары аталган университетте Тянь-Шандын геологиясы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы илимий мектепти түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Учурда илимий иштер дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар менен биргеликте активдүү жүргүзүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0