Кар көчкү алдында калган адамды канча сааттын ичинде куткарып алса болот

© Photo / Pixabay / stuxОпасность лавины в горной местности
Опасность лавины в горной местности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулардын айтымында, кардын алдындагы адамдын дене табы орто эсеп менен саат сайын үч градуска төмөндөп турат.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кар көчкүнүн алдында калган адамды алгачкы үч сааттын ичинде аман алып калса болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Үч сааттан кийин жабырлануучулардын 90 пайызы тирүү калбайт. Негизи тонналаган кардын астында адамдын аман калышына көп факторлор таасир этет. Бирок куткаруучулардын убакытты текке кетирбей тез иштеши өтөт маанилүү. Анткени кардын алдындагы адамдын дене табы орто эсеп менен саат сайын үч градуска төмөндөп турат", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, ӨКМ 16-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0