08:51 26 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2511)
142 0 0

Буга чейин коронавирус жуктурган медикке 200 миң сом, ал эми каза болгон медицина кызматкеринин жакындарына 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнчү.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коронавирус жуктурган медиктер эми 75 миң сомдон, ал эми оорудан көз жумган ак халатчандардын жакындары 2 миллион 800 миң сомдон компенсация ала башташат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин медиктерге компенсация өкмөт апрель айында кабыл алган токтомдун негизинде төлөнүп келген. Башкача айтканда, коронавирус жуктурган медикке 200 миң сом, ал эми каза болгон медицина кызматкеринин жакындарына 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация берилчү.

2020-жылдын 29-июнунда президент өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген медиктердин компенсациясы боюнча өзгөртүлгөн мыйзамга кол койгон.

"Аталган мыйзамга ылайык, кызыл зонада иштеп жүрүп оору жуктуруп алган медицина кызматкерлери 75 миң сомдон, ал эми каза болгон медиктин жакындары 2 миллион 800 миң сом алышат", — деди Жумакеев.

Адис өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, компенсация 2021-жылдын 1-январынан тарта төлөнүп баштаарын кошумчалады.

Республикалык штабдын 8-декабрга карата берилген маалыматына ылайык, 30 медиктин жакындарына 1 миллион сомдон, ал эми 608 медикке 200 миң сомдон компенсация төлөнгөн.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2511)

Тема боюнча

Министр: калктын көбү коронавирус менен ооруп айыкты
Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстандын медиктери эмне дейт?
Белгилер:
коронавирус, каражат, документ, компенсация, медик

ЭҢ МААНИЛҮҮ