Бишкек менен эки облуста жеңилдик алган бейтаптар үчүн кагаз рецепт жоюлду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүДокумент толтуруп жаткан дарыгер. Архив
Документ толтуруп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин электрондук жеңилдетилген рецепттер Ысык-Көл облусу жана Ош шаарында берилип келген. 2020-жылдын башынан бери дарыгерлер 515,4 миң электрондук рецепт жазган.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Быйылкы жылдын башынан баштап Бишкек шаары, Талас жана Жалал-Абад облустарында "Электрондук жеңилдетилген рецепттер" иштей баштады. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Мэр Москвы С. Собянин принял участие в открытии здания миграционного центра - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ мигранттарына пенсия төлөө боюнча келишим күчүнө кирди
"Электрондук жеңилдетилген рецепттер" системасында иштөөнү бейтапканалар менен дарыканалардын кызматкерлери беш ай бою үйрөнүштү.
"Эми рецепт жазылгандан тарта оорулуунун колуна дары тийгенге чейинки кызмат көрсөтүүлөр ыкчам жана сапаттуурак болуп калат. Айта кетчү нерсе, система бир гана интернет байланышты эмес, кызматкерден компьютерде мыкты иштөөсүн дагы талап кылат. Андыктан алгачкы учурларда кемчиликтерди түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз", — деди фонддун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева.
Буга чейин электрондук жеңилдетилген рецепттер Ысык-Көл облусу жана Ош шаарында берилип келген. 2020-жылдын башынан бери дарыгерлер 515,4 миң электрондук рецепт жазган. Ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дарыканаларга кыргызстандыктарга берген жеңилдиктер үчүн 108,8 миллион сом төлөгөн.
Баткендеги ооруканаларга Тез жардам тапшырылган унаалары - Sputnik Кыргызстан
Баткендеги ооруканаларга Тез жардам унаалары тапшырылды. Сүрөт
Калктын камсыздандырылган категориясы — пенсионерлер, Социалдык фондго салык төлөп иштегендер, студенттер, 16 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, жөлөк пул алган жарандар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандар.
Жеңилдетилген шартта дарылангандар — бронхиалдык астма, эпилепсия, онкологиялык илдети, психологиялык оорусу бар бейтаптар жана диспансердик каттоодо турган жарандар.
Жаңылыктар түрмөгү
0