Маршрутка акысын 15 сомго чейин көтөрүү талабы. Бишкек мэриясы жооп кайтарды

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүКоомдук транспорт. Архив
Коомдук транспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет жүргүнчү ташыган жеке фирмалардын жетекчилерине саботаж болуп кетсе лицензиясын алып коюу маселеси караларын эскерткен.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов маршруткага түшүүнүн наркын жогорулатуу чечимин Бишкек шаардык кеңеши кабыл аларын билдирди.
Буга чейин жеке кичи автобустун айдоочулары жол кирени 10 сомдон 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Алтынбек Доспаев тариф 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин, бул арада май, унаа тетиктери жана азык-түлүк кымбаттаганын эске салды.
Заседание экологического совета для борьбы со смогом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы ыш менен күрөшүүгө экокеңеш түздү
Шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров эгер муниципалитет мыйзам долбоорун киргизсе, депутаттар маселени карап чыгууга даяр экенин айткан.
Алымкулов маршрутканын айдоочулары менен жолугушканда маселе укуктук талаада акырындык менен чечилиши керектигин билдирди. Ошондой эле вице-мэр жүргүнчү ташыган жеке фирмалардын жетекчилеринен айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратпоону суранган.
Шаардык транспорт башкармалыгы жана башка ыйгарым укуктуу кызматтар алардын жоопкерчилигине көз салып турмай болгон.
Киши унаа ачууга аракет кылып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте автоунааларды атайын пульт менен ачып, тоноп жүргөндөрдүн видеосу
Алымкулов Бишкек мэриясы жүргүнчү ташыган жеке фирмалардын жетекчилерине саботаж болуп кетсе лицензиясын алып коюу маселеси караларын да эскерткен.
Ал эми Бишкек ШИИББдин жетекчи орун басары Эрлан Атантаев айдоочулардын саботажы менен жол кире акысынын кескин көтөрүлүшү коомдук тартипти бузууга алып келерин кошумчалаган.
Мэриянын маалымат кызматы кошумчалагандай, аталган маселени караган жумушчу топ түзүлүп, иш алып барып жатат. Бир жума ичинде айдоочулар эсеп сметасын түзүп, Шаардык транспорт башкармалыгына беришет.
Жаңылыктар түрмөгү
0