18:15 24 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (195)
159 0 0

Александр Лукашенко жиберген телеграммасында Жапаровдун Кыргызстандын президенти кызматында ийгиликтерди каалады.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровго Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин куттуктады. Бул туурасында Беларусь мамлекет башчысынын сайтында кабарланган. 

Лукашенконун телеграммасында Беларусь мындан ары Кыргызстан менен өз ара кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экени айтылган.

"Сиздин ишмердүүлүк суверендүү Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүшүн, социалдык туруктуулукту, коомчулуктагы биримдиктин бекемделишине шарт түзөрүнө ишенем", — деген Лукашенко.

Лукашенко Жапаровго бекем ден соолук, аманчылык, кыргыз эли менен биргеликте өлкөнү гүлдөтүү максатында ийгиликке жетишин каалаган.

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 17 талапкердин арасынан Садыр Жапаров алдыга чыккан. БШК азырынча расмий жыйынтыкты жарыялай элек.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (195)

Тема боюнча

Садыр Жапаров өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен ЕЭК төрагасы куттуктады
Садыр Жапаров премьерликтен качан кетиши керек? Өкмөттү кандай тагдыр күтөт
Белгилер:
куттуктоо, президенттик шайлоо, Александр Лукашенко, Садыр Жапаров, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ