Бишкектин жолдору күнү-түнү кардан тазаланып жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" кызматкери Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги карды тазалап жатат. Архив
Тазалык кызматкери Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги карды тазалап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең мененки саат 08:00гө карата 164 тоннадай техникалык туз иштетилип, шаарды кардан тазалоо иши үзгүлтүксүз жүрүүдө.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын жолдорун кардан тазалоого жол тейлөө бөлүмүнүн (ДЭО) 25 кызматкери жана 37 атайын техника тартылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Баш калаанын тротуарларын, жолдорду тазалоо ишине муниципалдык кызматтагылар түн ичинде чыгышкан. Кар тазалоочу 25 МАЗ, төрт универсалдуу унаа, "Беларусь" үлгүсүндөгү төрт кичи трактор, жүк ташуучу эки ЗИЛ-130 унаасы жана эки жүктөөчү техника иш алып барууда.
Шаарда штаттык режимде 640 көчө тазалоочу кызматкер иштейт. Жүктөп иштеген 123 кызматкер, таштандыларды чыгаруучу жүздөн ашык киши иш алып барат. Санитардык тазалоо иштерине 52 атайын техника, таштандыларды ташууга 47 атайын унаа тартылган.
Орто-Сай базарынын айланасындагы башаламан соода түйүндөрүн алуу - Sputnik Кыргызстан
"Орто-Сай" базарынын айланасы көчө соодасынан тазаланды
Эртең мененки саат 08:00гө карата 164 тоннадай техникалык туз иштетилип, шаарды кардан тазалоо иши үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Мэрия шаардын жолдорун жана тротуарларын кар, муздан тазалоо, техникалык каражаттарды себүү боюнча мэриянын 0554 182 185 WhatsApp байланышына же 1840, 1850 номерлерине кайрылууларды жиберсе болорун эскертет.
Байланыш номерлери түнү-күнү иштейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0