17:23 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1267)
11710

Адистин айтымында, бул дарылар ичегинин иштөөсүн жайлатып, организмдин бактериядан тазалануусуна тоскоолдук жаратат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Америкадагы Цинциннати балдар ооруканасында медицина илимдеринин доктору Жошуа Шаффцин коронавирус менен ооруп жаткан адам колдонууга болбой турган дары-дармектерди атады. Бул тууралуу Yahoo life порталына таянып, РИА Новости кабарлады. 

Дарыгер диареяга каршы препараттарды лоперамид менен кошуп ичпөөнү сунуштады. Адистин айтымында, мындай дарылар ичегинин иштөөсүн жайлатып, организмдин бактериядан тазалануусуна тоскоолдук жаратат.

Медик суу ичүүнү уланта берүүнү айтып, табигый процесске тоскоолдук жаратпоо керектигине токтолгон.

Коронавирус учурунда колдонбой турчу дагы бир препарат — бул ингаляторлор.

Шаффцин эгерде бейтаптын астмасы жок болсо, аларды колдонуп кереги жок экенин айткан. Себеби ингаляторлор организмге жардам бербей эле жүрөккө терс таасирин тийгизет. Дарыгер курамында фенилафрин кошулган дарынын баары жүрөккө зыян экенин эскерткен.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1267)

Тема боюнча

Биолог COVID-19дун жаңы штаммдарына вакцина кандай таасир этерин айтты
Белгилер:
дары-дармек, оору, коронавирус, медик, дарыгер

ЭҢ МААНИЛҮҮ