COVID бир суткада бир бейтаптын өмүрүн алып, 92 адамга жукту

© AFP / OSCAR DEL POZOМедициналык кызматкер COVID-19 үчүн экспресс-тест жүргүзуп жатат. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19 үчүн экспресс-тест жүргүзуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн суткада инфекцияны жуктуруп алгандар Бишкекте көп катталды. Республика боюнча ооруга чалдыккандарга караганда айыгып чыккандар арбын болду.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 92 адамдан табылып, андан сырткары, Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан бир бейтап каза тапты. Бул туурасында Республикалык штабдан маалымдашты.
Ал эми 177 адам оору менен алышып, COVID-19 инфекциясынан айыгып кетти. Учурда дарыгерлер карап жаткан бейтаптардын ичинен 44 адамдын абалы өтө оор экени маалым болду.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек – 51;
  • Ош - 9;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу - 5;
  • Талас облусу - 0;
  • Нарын облусу - 3;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу - 1.
Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери жалпысынан 82 587 адамга жуккандыгы айтылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек – 51;
  • Ош шаары – 7;
  • Чүй облусу – 53;
  • Ош облусу – 10;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 10.
Республикалык штаб COVID-19дан айыгып кеткендердин жалпы саны 78 358 деп билдирди.
Стационарда учурда 810 бейтап дарыланууда:
  • 11 адам – канааттандырарлык абалда;
  • 514 – орточо оор;
  • 241 – оор абалда;
  • 44 – өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда 1 113 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0