18:39 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.9133
  • RUB1.1560
Коом
Кыскача шилтеме алуу
55 0 0

Кыргыз өкмөтү 2020-жылдын 4-декабрынан тарта бардык чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн чек арасын ачкан.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстан чет элдиктерге чек арасын ачкан бир ай ичинде өлкөгө дээрлик 100 миңдей жаран кирип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Кеп "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аркылуу 4-декабрдан 31-декабрга чейин каттагандар тууралуу болуп жатат.

Бул аралыкта Кыргызстандын аймагына жалпысынан 56 880 киши кирсе, алардын ичинен 30 748и чет элдик экени аныкталды.

Ошол эле учурда 39 756 адам Кыргызстандан чыгып кетти, алардын 12 645и башка өлкөлөрдүн атуулдары.

Эске салсак, кыргыз өкмөтү 2020-жылдын 4-декабрынан тарта бардык чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн чек арасын ачкан. Болгону акыркы 72 сааттын ичинде өткөн коронавирусту аныктоочу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүп, тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүшү керек.

Тема боюнча

Кийинки жумадан тарта Бишкектен Лейлекке учак каттай баштайт
Белгилер:
статистика, чек ара, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ