Кийинки жумадан тарта Бишкектен Лейлекке учак каттай баштайт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчү учагы. Архив
Аэропорттогу жүргүнчү учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектен алыскы Лейлек районуна авиакаттам жанданат. "Тез жет" авиакомпаниясынын учагы аптасына бир ирет элди ташыйт.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 18-январдан тарта Бишкек — Исфана — Бишкек авиакаттамы жанданат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Каттамды "Тез жет" авиакомпаниясы ишке ашырат.
"Мындан ары жуманын ар дүйшөмбү күнү Бишкек — Исфана — Бишкек авиакаттамы аткарылат. Учак саат 11:00дө Бишкек — Исфана, ал эми саат 13:05те Исфана — Бишкек багыты боюнча учат", — деп айтылат маалыматта.
Билет баасы 3700 сомдон 4200 сомго чейин болуп жатканы маалым болду.
Лейлек районунун борбору Исфана шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорт өткөн жылдын июль айында реконструкцияланып бүткөн.
Декабрь айында расмий ачылышы болуп, ага премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0