Баткендин мектептери толугу менен кадимки режимге өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар мектепте сабак учурунда. Архив
Окуучулар мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук штаб аймактагы эпидемиологиялык абал турукташкандыгына байланыштуу ушундай чечим кабыл алган.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Баткен облусунда орто мектептер реалдуу режимде билим берүүнү баштады. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Облуста 233 мектеп бар.
"Эртең, 13-январда, Баткен районундагы 10 мектепте 1-5-9-11-класстан башка дагы бардык класстын окуучулары мектепке чакыртылып, облуста мектептердин баары иштеп баштайт. Мындай чечим Коронавирус менен күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча облустук штабда аймактагы эпидемиологиялык абал турукташкандыгына байланыштуу кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Алдыда этап-этап менен бала бакчаларды да ачуу каралууда. Буга чейин муктаждыкка жараша жеке менчик балдар бакчаларына иштөөгө уруксат берилген.
Бүгүн, 12-январда, облуста коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.
Эпидемиологиялык абал турукташкандыгына байланыштуу 2021-жылдын 6-январынан тарта ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен өзгөчө кырдаал режими алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0