Министрлик: Кыргызстанга АКШ вакцинасы сунушталды, бирок анын бир кемчилиги бар

© REUTERS / ANDREAS GEBERTPfizer вакцинасы
Pfizer вакцинасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан коронавируска каршы вакцинация боюнча эл аралык COVAX программасына мүчө. Анын алкагында бизге алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
"Кыргызстан коронавируска каршы вакцинация боюнча эл аралык COVAX программасына мүчөлүк кылат. Анын алкагында бизге алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасын сунуш кылышты, документтери келди. Биз анын канчалык ыңгайлуу экенин иликтеп көрүшүбүз керек. Азырынча бир кемчилиги катары анын сактоо шарты каралып жатат", — деди Үсөнбаев.
Анын айтымында, бул вакцина -70 градуста сакталышы керек. Ал эми Кыргызстанда буга техникалык жактан мүмкүнчүлүк жок.
Вакцина сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада 13-январда жарандардын жаңы тобу үчүн COVID-19га каршы эмдөө башталат
"Биз колдонуп жүргөн мурдагы вакциналардын бардыгы +1 же 2 градуста сакталчу. Учурда Россиянын вакцинасын алуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди министрдин орун басары.
Буга чейин РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты, Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко Кыргызстандын бардык жарандарына коронавируска каршы вакцина алуунун зарылдыгы жок экенин айткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0