Эртең менен эмне кылбаш керек? Медик ден соолукка зыян адаттарды атады

© Фото / Pixabay/ JESHOOTS-comАпельсин ширеси. Архив
Апельсин ширеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, адам ойгонору менен канда инсулиндин деңгээлин көзөмөлдөгөн процесстер ойдогудай иштебейт.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Дарыгер Мириам Стоппард Mirror басылмасына маек берип жатып ден соолукка зыян делген жаман адаттарды атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Медиктин айтымында, ойгонору менен адам ыкчам дене тарбия көнүгүүлөрүн жасабашы керек. Мындайда дене кургап, ткандар жакшы чоюлбай калат. Адис спорт менен туура эмес машыкканда омуртканы кокустатып алуу толук ыктымал экенин эскерткен.
"Адам эртең менен тура калып эле чөйчөк кофеден жана апельсин ширесин ичүүдөн баш тартканы оң. Анткени ачкарын ичкенде бул суусундуктар кандагы канттын деңгээлин аябай жогорулатып жибериши ыктымал", — деген адис.
Медиктин айтымында, ойгонору менен канда инсулиндин деңгээлин көзөмөлдөгөн процесстер ойдогудай иштебейт. Ошондуктан кофе менен апельсин ширесин эртең мененки тамактан кийин гана ичүү зарылдыгы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0