New York Times КРди 2021-жылы саякаттоого сунушталган өлкөлөрдүн катарына кошту

© AP Photo / Dan MilnerТоодогу туристтер. Архив
Тоодогу туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылма жыл сайын туризмге ыңгайлуу өлкөлөрдүн тизмесин аныктайт. Жалпысынан 2 миңдей жай сунушталып, анын ичинен 52си гана тизмеге кирди.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. The New York Times басылмасы Кыргызстанды 2021-жылы саякаттоо үчүн эң мыкты өлкөлөрдүн катарына кошту.
Бул басылма жыл сайын туризмге ыңгайлуу өлкөлөрдүн тизмесин аныктайт. Мурда саясатчылар, сүрөтчүлөр, журналисттердин жардамы менен тизме түзүлсө, быйыл окурмандардын тандоосуна койгон. Жалпысынан 2 миңдей жай сунушталып, анын ичинен 52си гана тизмеге кирди.
Кыргызстан тууралуу Индиядагы The Egg Factory ресторанынын кожоюну Йогеш Мокаши сунуштап, өзү 2018-жылдын август айында келип кеткенин айткан.
"Биз советтик архитектура менен либералдык ачык коом айкалышкан Бишкек шаарында болгонбуз. Бирок биз шаарда калбай, андан ары тоолуу аймакка кеткен элек. Аба ырайы бузулуп, август айында тоо койнунда көз ирмемде кар жаай баштады. 48 жашка келип алгачкы жолу карды көргөн мен үчүн бардыгы керемет сезилген. Үч-төрт саат жол жүрүп, бир дагы адамды кезиктирбей боз үйлөр лагерине жеттик. Ал жерде төрт түн түнөдүк, жергиликтүү элдин меймандостугуна таң бергем. Бул өлкөнүн түндүгү эле, кайра барып башка жактарын дагы көргүм келет. Жакында бул тилегим ишке ашат деп үмүттөнөм", — деди Мокаши.
Кыргызстандан тышкары тизмеге Пуло-Кондор аралы (Вьетнам), Кордова шаары (Испания), Мичиган көлү (АКШ), Хоккайдо аралы (Япония), Гаити, Сибирь сыяктуу жайлар кирген.
Буга чейин британиялык The Guardian басылмасы Кыргызстанды 2021-жылы саякаттачу өлкөлөрдүн сап башына чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0