Жапаров: РФ наркотрафик менен күрөшүүгө учкучсуз башкарылчу эки учак берди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүУчкучсуз учак. Архив
Учкучсуз учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала жыйынтык боюнча президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров мурдагы өлкө башчылар жана алардын туугандары баңгизат соодасын калкалап турганын айткан.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Россия Кыргызстанга наркотрафик менен күрөшүүсү үчүн эки учкучсуз башкарылуучу учак жана 150 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров "Коммерсант" агенттигине берген маегинде билдирди.
Учкучу жок учактар менен каражаттар качан берилгени такталган эмес. Жапаров мурдагы өлкө башчылар жана алардын туугандары баңгизат соодасын калкалап турганын белгилеген.
"Кызматка киришерим менен баңгизат трафигин жабууну тапшыргам. Бул биринчиси. Экинчиден, коррупцияны түп тамыры менен жоюшубуз керек. Үчүнчү тапшырма — экономиканы көтөрүү. Баңгизат трафиги менен аеосуз күрөшөбүз. Анын каналдарын жабуу үчүн бизге эки-үч жыл убакыт керек", — деген Жапаров.
Ал наркотрафикке байланышы бар адамдар менен эч ким соодалашпай турганына ишендирген.
Президенттикке талапке Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров: Россия Кыргызстандын башкы өнөктөшү бойдон калат
"Бийлик буга чейин өзү калкалап келген. Биздин укук коргоо органдарыбыз баңгизаттарын ташуу менен алектенген учурлар болгон. Тыюу салынган зат менен кармалгандарды акча алып туруп кое берип жиберишчү. Эми мындай болбойт. Россия баңгизат трафиги менен күрөшүүгө пилотсуз эки учак жана 150 миллион сом бөлдү. Биз бул тармак менен кызуу күрөшкүбүз келип турат", — деген саясатчы.
Эске салсак, Жапаров болжолдуу маалыматтар боюнча 10-январда өткөн президентик шайлоодо добуштардын 80 пайызын алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0