"Орто-Сай" базарынын айланасы көчө соодасынан тазаланды

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Орто-Сай" базарынын айланасындагы башаламан соода түйүндөрүн алуу
Орто-Сай базарынын айланасындагы башаламан соода түйүндөрүн алуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн атайын рейд уюштурулуп, натыйжада 10 башаламан соода түйүнү жоюлду. Шаардыктарга, мыйзам бузуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунун акимчилиги "Орто-Сай" базарынын айланасы менен Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө өз алдынча соода жүргүзгөндөрдү тыюу боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Такси унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
Бишкек мэриясы "таксисттер армиясын" кантип көзөмөлгө аларын айтып берди
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан борбор калаада соода жана жарнама эрежелерин сактоону өтүнөт.
"Жерге коюлуп сатылган азыктардын коопсуздугуна жана сапатына эч ким кепилдик бере албайт. Андай азыктарды сатып албагыла, сураныч! Алар ден соолукка зыян!" — деп айтылат маалыматта.
Мэрия жол кыймылына тоскоолдук жараткан жана базардын тегерегинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жеке жактарга үч миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0