Президенттик шайлоо менен референдумга КМШ байкоочулары кандай баа берди

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДосрочные выборы президента Кыргызстана
Досрочные выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ мамлекеттеринин байкоочулар миссиясынын жетекчисинин айтымында, Кыргызстан ачык шайлоо өткөрүүгө маанилүү аракеттерди көрдү.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгына анча көп эмес мыйзам бузуулар таасир этпей койгон жок. Бул тууралуу КМШ мамлекеттеринин байкоочулар миссиясынын жетекчиси, Россиянын эркин шайлоо фонду кеңешинин төрагасы Василий Волков билдирди.
Анын айтымында, байкоочулардын иши үчүн керектүү шарттардын бардыгы түзүлгөн.
"Өз отчетунда КМШ байкоочулары анча көп эмес мыйзам бузууларды байкап, алардын шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизгенин белгиледи. Алардын ою боюнча добуш берүү процедурасы шайлоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлдү", — деди Волков Бишкектеги брифингде.
Миссиянын жыйынтыгы:
  • Кыргызстан ачык жана транспаренттүү шайлоо өткөрүүгө маанилүү аракеттерди көрдү. Миссия өлкөнүн шайлоо мыйзамдары шайлоону жана референдумду бирдей шайлоо укугунун негизинде добуш берүүнүн купуялуулугун камсыз кылуу менен уюштурууга жана өткөрүүгө мүмкүндүк берди деп эсептейт;
  • шайлоо органдары шайлоодо жана референдумда жарандардын укугунун ишке ашырылышын камсыздады.
Жаңылыктар түрмөгү
0