АСУ маалыматтарынын 98%ы эсептелди. Кайсы аймакта шайлоочу көп болду

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДосрочные выборы президента Кыргызстана
Досрочные выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоого катышуудагы эң жогорку көрсөткүч Ысык-Көл облусунда катталган. Аймакта 143 179 шайлоочу (46,52 пайыз) добуш берүүгө катышкан.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого катышкандардын көрсөткүчү 39,75 пайызды түздү, тактап айтканда, 1 миллион 416 миң 485 жаран добуш берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Жалпысынан 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катталган. Катышуу боюнча эң жогорку көрсөткүч Ысык-Көл облусунда экени маалым болду.
Аймактар боюнча маалымат:
  • Бишкек — каттоодо турган 416 123 жарандан 162 361 киши (39,01 пайыз) добуш берүүгө катышты;
  • Ош —151 115 жарандын 66 990у (44,33 пайыз);
  • Чүй облусу — 591 818 жарандын 210 585и (35,58 пайызы);
  • Талас — 157 886 жарандын 61 064ү (38,68 пайызы);
  • Ош — 722 933 жарандын 291 579у (40,33 пайызы);
  • Жалал-Абад — 666 695 жарандын 267 406сы (40,11 пайызы);
  • Баткен — 297 264 жарандын 116 318и (39,13 пайызы);
  • Ысык-Көл — 307 786 жарандын 143 179у (46,52 пайызы);
  • Нарын — 202 475 жарандын 84 948и (41,95 пайызы);
  • Чет өлкөлөрдө — 49 479 жарандын 12 095и (24,44 пайызы).
АСУнун 98,02 пайызга эсептелген маалыматтарына ылайык, шайлоодо Садыр Жапаров ишенимдүү түрдө алдыга озуп чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0