Элчилик Москвадагы мекендештер кантип добуш берип жатканын айтып берди

© Sputnik / Данара КурмановаМосква чет мамлекеттен туруп добуш бердирткен мамлекеттердин сап башында турат
Москва чет мамлекеттен туруп добуш бердирткен мамлекеттердин сап башында турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Добуш берүү жайларында кезек эртең мененки 8ден тарта эле башталганы белгиленди. Элчиликтин имаратынын алдында дайыма 50, кээде 100дөй киши кезекке туруп жатат.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. КРдин Москвадагы элчилигинде өлкө башчыны мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү кандай жүрүп жатканын Sputnik агенттигинин кабарчысына мекеменин маалымат катчысы Алмаш Алтымышева айтып берди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Новости и события дня (@sputnik.kg)

Ал белгилегендей, Москва чет мамлекеттен туруп добуш бердирткен мамлекеттердин сап башында турат. 
"Аталган шайлоонун алкагында 28 өлкөдө 48 шайлоо участогу ачылган. Анын 15и эле Россияда жайгашкан. Жарандардын көптүгүнө байланыштуу беш участок Москвада жайгашкан", — деди элчиликтин өкүлү.
Добуш берүү жайларында кезек эртең мененки 8ден тарта эле башталганы белгиленди. Элчиликтин имаратынын алдында дайыма 50, кээде 100дөй киши кезекте туруп жатат.
© Sputnik / Данара КурмановаМосква чет мамлекеттен туруп добуш бердирткен мамлекеттердин сап башында турат
Москва чет мамлекеттен туруп добуш бердирткен мамлекеттердин сап башында турат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Москва чет мамлекеттен туруп добуш бердирткен мамлекеттердин сап башында турат
© Sputnik / Данара КурмановаДобуш берүү жайларында кезек эртең мененки 8ден тарта эле башталганы белгиленди
Добуш берүү жайларында кезек эртең мененки 8ден тарта эле башталганы белгиленди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Добуш берүү жайларында кезек эртең мененки 8ден тарта эле башталганы белгиленди
© Sputnik / Данара КурмановаЭлчиликтин имаратынын алдында дайыма 50, кээде 100дөй киши кезекте туруп жатат.
Элчиликтин имаратынын алдында дайыма 50, кээде 100дөй киши кезекте туруп жатат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Элчиликтин имаратынын алдында дайыма 50, кээде 100дөй киши кезекте туруп жатат.
1/3
Москва чет мамлекеттен туруп добуш бердирткен мамлекеттердин сап башында турат
2/3
Добуш берүү жайларында кезек эртең мененки 8ден тарта эле башталганы белгиленди
3/3
Элчиликтин имаратынын алдында дайыма 50, кээде 100дөй киши кезекте туруп жатат.
Алтымышева кошумчалагандай, жалпысынан чет мамлекетте 50 миңдей шайлоочу катталса, анын 17 891и Москвада турат.
"Учурда Москва боюнча президентти шайлоого 1212 киши, референдумга 1143 адам добушун берди. Шайлоонун өзгөчөлүгү — жаранга эки бюлетень берилет, бирок бир эле шайлоого катышам десе өзү чечет. Экөөнө тең катыш деген кыйноо жок. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин добуш берсе болот", — деди Алтымышева.
Сааттардагы айырмачылыктардан улам Түштүк Сахалиндеги шайлоо пункту жабылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал жакта президентти шайлоого 459, референдумга 458 киши добушун берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0