ИИМ өкүлү "Ала-Тоо" аянтына чогулгандар боюнча кабары жоктугун айтты

© Sputnik / Эркин Садыков "Ала-Тоо" аянтына чогулуп жаткан адамдар
 Ала-Тоо аянтына чогулуп жаткан адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында белгисиз бирөөлөр концерт өткөрөбүз деп дайынданып жатышат.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов "Ала-Тоо" аянтына чогулуп жаткандар тууралуу кабары жок экенин айтты.
Ал шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берип жатканда журналисттер борбордук аянтта эмне болуп жатканын сурады.
"Аянтта эмне болуп жатканы туурасында маалымат жок бизде. Кылмыш же жорук болду деп бизге түшкөн жок. Тактап беребиз", — деди Макилов.
Белгилей кетсек, учурда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында белгисиз бирөөлөр концерт өткөрөбүз деп дайынданып жатышат.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.
Добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыгы, автоматтык түрдө эсептөө - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Автоматтык урналардын эсеби
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса жеңүүчү деп аныкталат.
Ал эми башкаруу формасын тандаган референдум өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: биринчисинде президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылды.
Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0