"Ала-Тоо" аянтында белгисиз бирөөлөр концертке даярданышууда. Себеби айтылган жок

© Sputnik / Эркин СадыковБишкектин "Ала-Тоо" аянтында концерт өткөрүүгө даярдануулар
Бишкектин Ала-Тоо аянтында концерт өткөрүүгө даярдануулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ал жерде эмне болуп жатканын тактап, маалымат берерин билдирди.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында саат 20.00дө концерт өткөрөбүз деп дайынданып жатышат. Бирок уюштуруучулар көп кишинин катышуусунда болот деп божомолдонуп жаткан иш-чара кайсы окуянын урматына арналарын айтышкан жок.
Манастын эстелигинин жанына атайын жабдуулар коюлуп, шаңдуу музыка жаңырып жатат.
Ал эми шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ал жерде эмне болуп жатканын тактап, маалымат берерин билдирди.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүп жатат. Шайлоо участоктору 20:00дө жабылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0