Шайлоо бүтөрүнө аз калганда канча адам добуш бергени айтылды. Статистика

Жазылуу
Добуш берүүгө келгендердин саны боюнча Ысык-Көл облусу алдыга чыгып, 39,2 пайызды түздү. Андан кийинки сапта 37,05 пайыз менен Ош шаары турат.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Саат 18:00гө карата алынган маалымат боюнча, 1 180 515 кыргызстандык шайлоого катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч шайлоочулардын 33,13 пайызын түзөт. Добуш берүүгө келгендердин саны боюнча Ысык-Көл облусу алдыга чыгып, 39,2 пайызга жетти. Андан кийинки сапта 37,05 пайыз менен Ош шаары турат.
Ал эми чет өлкөдө жүргөн 9 869 мекендеш өз тандоосун жасап, 19,95 пайызды түздү.

Президенттик шайлоо жана референдум

Добуш берип жаткан адам - Sputnik Кыргызстан
Сузакта добуш сатып алуу, Чүйдө админресурс колдонуу фактысы катталды

Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса жеңүүчү деп аныкталат.
Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдуму өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат.
Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0