Шайлоого катышкандардын саны миллионго чукулдады. Саат 16:00гө карата маалымат

Жазылуу
Дагы деле Ош шаары жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын тургундары активдүү болуп, шайлоого катышкандардын саны 30 пайыздан ашты.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Саат 16:00гө карата алынган маалымат боюнча 947 614 шайлоочу добуш берди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, бул жалпы шайлоочуларын 26,59 пайызын түзөт. Дагы деле Ош шаары жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын тургундары активдүү болуп, шайлоого катышкандардын саны 30 пайыздан ашты. Калган аймактарда 20 пайыздын тегерегинде.
Ал эми башкаруу формасын тандаган референдумга 946 104 адам катышып, 26,55 пайызды түздү.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет мамлекеттерде 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.
Добуш берип жаткан жарандар - Sputnik Кыргызстан
Байкоочу: Кыргызстандагы автоматтык добуш санаган системага Россия суктанууда
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса, ошол жеңүүчү деп аныкталат.
Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдумун өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек. Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат.
Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0