Кыргызстан боюнча 661,5 миң шайлоочу добуш берди. Саат 14.00гө карата маалымат

Жазылуу
Ош шаары жана Ысык-Көл менен Нарын облусунун тургундары активдүүлүгүн көрсөтүп, добуш берүүлөрдүн саны 20 пайыздан ашты.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Саат 14:00гө карата алынган маалымат боюнча 661 501 шайлоочу добуш берди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Аталган цифра жалпы шайлоочулардын 18,56 пайызын түзөт. Ош шаары жана Ысык-Көл менен Нарын облусунун тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Бул аймактарга шайлоого келгендердин саны 20 пайыздан ашкан.
Ал эми чет өлкөлөрдө жүргөн 4 996 мекендеш добуш берген.
Ал эми мамлекетти башкаруу формасын тандаган референдумга 661 152 жаран катышты. Бул шайлоочулардын 18,55 пайызын түзөт.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн республика боюнча 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.
Добуш берип жаткан жарандар - Sputnik Кыргызстан
Байкоочу: Кыргызстандагы автоматтык добуш санаган системага Россия суктанууда
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса, ошол жеңүүчү деп аныкталат.
Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдумун өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: биринчисинде президенттикке талапкерлердин ысымы жазылса (ак түстө), экинчиси башкаруу формасын аныктайт (көк түстө).
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат.
Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0