Мамкаттоо: ID-картасын күтүп жаткандар бүгүн паспортун алып шайлоого катыша алат

Жазылуу
Мамкаттоонун төрагасынын айтымында, бүгүнкү шайлоода №2 форма колдонулбагандыгына байланыштуу региондогу шайлоочулардын саны кыйла өстү.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. ID-картанын жасалышын күтүп жаткан кыргызстандык жарандар шайлоодо добуш берүү үчүн паспортун 10-январь күнү алып кете алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев брифинг учурунда билдирди.
"№2 форма колдонулбагандыгына байланыштуу региондогу шайлоочулардын саны өстү. ID-картасын күтүп жаткандар 10-январь күнү кечке чейин алып кетип жарандык милдетин аткара алышат", - деди ал.
Анын айтымына караганда, 10-январь күнү республика боюнча Мамкаттоонун 420 кызматкери иштейт. Ал эми 119 call-борборуна (чалуу бекер) 60тан ашык оператор тартылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0