Новиков: башаламандык болуп кетсе бийлик чара көрүүгө даяр

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Архив
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу өлкөдө башаламандык болбой турганына ишенерин, себеби мыйзам бузуулар азыраак экенин белгилеген.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өкмөт башаламандык болуп кетсе чара көрүүгө даяр экенин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.
Мындай суроону журналисттер берген.
"Мен башаламандык болбойт деп ишенем, себеби мыйзам бузуулар көп эмес. Кечээ күнү 61 билдирүү болду. Ар бири боюнча тийиштүү иликтөөлөр жүргүзүлүп, Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. ИИМ бардыгын текшерип жатат. Өкмөт өз кезегинде болжолдуу чагымчылдыктарга даяр", — деген Новиков.
Ал президенттикке талапкерлердин бардыгын шайлоонун жыйынтыгын таанууга чакырды.
"Тынчтык болушу үчүн мамлекет менен жарандар алдында саясий эрк жана жоопкерчиликти сезүү керек", — деди ал.
Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин толкундоолор болуп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкан.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн эртең менен Кыргызстанда 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.
Президенттик шайлоо жана референдумда добуш берип жаткан адамдар - Sputnik Кыргызстан
Админресурс колдонуу боюнча даттануу түштүбү? БШКнын жообу
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоого катышкандардын добушунун 50 пайыздан көбүн алса жеңүүчү деп аныкталат.
Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдумун өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: биринчисинде президенттикке талапкерлердин ысымы жазылса (ак түстө), экинчиси башкаруу формасын аныктайт (көк түстө).
Шайлоо участкалары 20:00дө жабылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0