Кыргызстандагы коронавирус: эки киши каза таап, 135 адамдан оору табылды

© AFP / PEDRO PARDOМедициналык кызматкер коронавируска тест менен
Медициналык кызматкер коронавируска тест менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемиядан бери 82 миңден ашык киши жугуштуу ооруга кабылып, тең жарымы айыкты. Ал эми 1 369 адам коронавирустун курмандыгы болду.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 135 кишиден коронавирус аныкталды, ал эми 151 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 68;
  • Ош — 0;
  • Чүй облусу — 22;
  • Ош облусу — 8;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 21;
  • Жалал-Абад облусу — 6;
  • Баткен облусу — 5.
Пандемиядан бери 82 273 киши жугуштуу ооруга кабылды.
Соңку суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек — 56;
  • Ош шаары — 7;
  • Чүй облусу — 39;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 9;
  • Ысык-Көл облусу — 22;
  • Жалал-Абад облусу — 7;
  • Баткен облусу — 7.
Ушуну менен сакайгандардын саны 77 902ге жетти.
Ошондой эле стационарда 849 бейтап дарыланууда. Анын ичинде 9 адамдын абалы канааттандырарлык, 542 киши орточо, 251 бейтап оор, 47 адам өтө оор абалда жатат.
Тилекке каршы, түндө Бишкек жана Баткен облусунда эки бейтап көз жумган. Жалпысынан коронавирус 1 369 кишинин өмүрүн алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0