БШК шайлоочулардын көбү кайсы аймакта жашай турганын айтты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКиши шайлоо учурунда
Киши шайлоо учурунда  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш берүүгө 3,5 миллиондон ашык киши катталган.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Шайлоого катыша тургандардын көбү Ош облусунда жашаарын БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш берүүгө 3 563 574 киши катталган.
Шайлоочулардын эң көбү Ош облусунда экени белгилүү болду. Ал жакта добуш берүүчүлөрдүн саны 722 933тү түзөт. Тагыраагы, жалпы шайлоочулардын 20 пайызын ээлейт.
Добуш берүү учурунда аял - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы шайлоо участогу түндө Южно-Сахалинскиде ачылды
Экинчи орунда Жалал-Абад (666 695 жаран), үчүнчүдө Чүй облусу (591 818 киши) турат.
Бишкекте 416 123 шайлоочу катталса, Ысык-Көл облусунда 307 786 кишинин добуш берери күтүлүп жатат. Андан кийинки сапта 297 264 адам менен Баткен облусу турса, жетинчи орунду 202 475 киши менен Нарын ээлеген. Ош шаарында 151 115 шайлоочу бар. Ал эми чет мамлекеттерде 49 479 кыргызстандык добуш бериши керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0