Алгачкы шайлоо участогу түндө Южно-Сахалинскиде ачылды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДобуш берүү учурунда аял
Добуш берүү учурунда аял - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн - Кыргызстандын президентин шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын тандоо күнү. КРдин Россиядагы элчилиги жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырып жатат.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Алгачкы шайлоо участогу Южно-Сахалинск шаарындагы КРдин Россиядагы элчилигинин кеңсесинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө, ал эми Бишкек убактысы боюнча 03:00дө ачылды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Ага ылайык, бул добуш берүү жайында 851 жаран катталган.
Шайлоочуда сөзсүз түрдө КРдин ички паспорту, жалпы жарандык паспорту, дипломатиялык же кызматтык паспорту болушу керек. Эгер суроолор жаралса, консул Бакыт Асаналиевге 89778529098 номери аркылуу байланышууга болот.
Элчилик жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.
Российский депутат и глава миссии МПА СНГ Виктор Заварзин - Sputnik Кыргызстан
Мамдуманын депутаты: КР шайлоо мыйзамдары боюнча КМШны артта калтырыптыр
Мыйзам боюнча, шайлоо участкасы саат 20.00дө жабылат.
Кыргызстанда жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды. 3 563 574 шайлоочу катталган.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчиси менен башкаруу формасы аныкталат (көк түстө).
Жаңылыктар түрмөгү
0