Абактан келе турган кайненем менен бирге жашоодон чочулап турам. Келиндин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖенская исправительная колония №2
Женская исправительная колония №2  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жакында абактан бошоп келе турган кайненесинен чочулаган келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы, көптөн бери бир ой мазамды алып жүрөт. Бул менин кайненеме тиешелүү. Ал киши мен келин болуп келгенимде ак жоолугун башыма салып, эне катары уулунун жубайын күтүп ала алган эмес. Анткени ошол убакта түрмөдө болчу. Андан бери билинбей жылдар өтүп, биздин үйлөнгөнүбүзгө беш жылдай болду. Ортодо бир уулубуз бар. Жолдошум менен түрмөгө тамак алып барганда гана кайненем менен таанышкам. Чынын айтсам, аны бир-эки жолу эле көрдүм. Кайнатам жок.
Кыз бетин жаап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум менен жарашуудан корком. Ажырашкан келиндин каты
Эми жакында апабыз абактан чыгат экен. Келсе биз менен бирге турат. Бирок мени чочулатканы, мындан аркы жашообуз кандай болот? Күйөөм апасынын жакшы аял болгондугун айтат, бирок аны абак канчалык өзгөрттү билбейбиз. Угушума караганда, кайненем акчага байланыштуу камалып кетиптир. Адамдын өмүрүнө залал келтирбеген кылмыш болсо да, үй-бүлөлүк жашообузга, балабыздын тарбиясына таасири тиеби деп чочулап турам. Бирок муну күйөөмө айта албайм. Урушуп кетишибиз мүмкүн же мага иренжип калышы ыктымал. Менин чочулоомо негиз барбы? Жолдошум экөөбүз тең жумушта иштейбиз. Бул кишиге ишенип баланы таштап кетүүгө болобу? Анткени бир үй-бүлө болгон соң ар кандай учурлар болот. Балким, кайнене менен бирге туруп көрбөгөнгө да коркуп жатсам керек. Себеби курбуларымдын оозунан кайненеси тууралуу ар кандай сөздөрдү угуп калам.
Муратбек Султанбеков, "Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси:
— Негизинен бул өтө кызык акыбал. Бир жагынан бул келиндин тынчсыздануусу да туура эле. Абакта жаткан кишилердин ичинде күнөөсү бары да, жогу да бар. Жабык мекемеде отурган адамдын жашоого көз карашы, жүрүм-туруму өзгөрө баштайт. Түрмөдө канчалык көп жатса, ал адамдын ички дүйнөсү ошончолук кубулат. Бир-эки жыл эмес, көп жыл отурган адам түп-тамырынан бери башка адам болуп чыга келиши ыктымал. Ошондой эле эркектерге караганда аялдар көбүрөөк өзгөрөт. Себеби жан дүйнөсү назигирээк келет. Эркектер бир аз стресске туруктуу. Түрмө — бул адамдын психикасын, жүрүм-турумун, көз карашын өтө катуу өзгөртүүчү система. Экинчи жагынан абак — адамдын өзүнө болгон баасын ордуна коёт. Жасаган күнөөлөрү тууралуу кайрадан ойлонуп чыгышы мүмкүн. Ошону менен бирге эркиндикке чыккан адамды терс кабыл ала берген да болбойт. Кайненеңиз канча жыл отурганын билбейм, бирок коомчулукка, чөйрөгө көнүү үчүн ага да адаптация керек. Ал дагы "кантип жашап кетем, мени кабыл алышабы?" деп коркот. Эне катары анда да уулуна жакшы тилеги болушу мүмкүн.
Аял менен эркек кол кармашып турат. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты
Кат жазган келин баласын энесине калтыруудан да кооптонорун билдириптир. Сизди да түшүнөм. Анткени камалып келген адам менен жашоо сиз үчүн жат сезилип жатат. Бирок тынчсызданууңузду күчөтпөөгө чакырам, анткени алгач кайненеңиздин жан дүйнөсүн жакшылап түшүнүүгө аракет кылыңыз. Ал аялдын деле энелик сезими бар. Абак баарын эле талкалап, адамдык түшүнүктөн айрып салбайт. Бул жерде жолдошуңуздун да ролу чоң. Үйдүн кожоюну кырдаалды жөнгө сала ала тургандай деңгээлде болсо жана аялы менен энесине өз орду менен мамиле жасаса эле баары жакшы болот. Эгер түшүнүшө албай, келини коркуп, баласы апасын бөлөрүн же чогуу жашарын билбей эки анжы жүрө берсе кыйынчылык жаралары бышык. Апасы да "мына менин буларга керегим жок. Абакта айтылган сөздөр чын чыгууда, социумда эч ким бири-бирин сыйлабайт" деген ойго бекинип жүрө берет. Ошондуктан түшүнүшүүгө аракет кылганыңар туура. Анан да жолдошуңузду колдоңуз. Азыр жашоо татаал, ушундай учурда бир үй-бүлө катары биригип, жол таап кетсеңер туура болмок. Негизи сиздердин үй-бүлөңүздөргө психологдун же психиатрдын жардамы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0