Экс-министр Шайлообек Ниязов каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг-реквием, посвященный 71-летию освобождения Ленинграда от блокады
Митинг-реквием, посвященный 71-летию освобождения Ленинграда от блокады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлообек Ниязов бүт өмүрүн медицинага арнаган. 2005-2007-жылдар аралыгында саламаттык сактоо министри болуп эмгектенген.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. 75 жаш курагында мурдагы саламаттык сактоо министри, Кыргызстанга эмгек сиңирген дарыгер Шайлообек Ниязов дүйнө салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов көз жумду
2000-жылдын январынан тарта Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болгон. 2005-2007-жылдар аралыгында саламаттык сактоо министри болуп эмгектенген.
Кыргыз медицинасына кошкон салымы үчүн 1983-жылы саламаттык сактоонун отличниги болгон. 1995-жылы КР эмгек сиңирген дарыгери наамына татыган.
Жаңылыктар түрмөгү
0