Бишкек менен Чүйдө кайрадан жарык берүү үзгүлтүккө учурады

© AFP / Guillermo AriasЖарык өчүрүү учурунда киши шам менен. Архив
Жарык өчүрүү учурунда киши шам менен. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-январь күнү саат 19:03тө Өзбекстандын энергосистемасында күчү 400 МВт болгон энергоблокто авария болгон.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде жарыктын өчүп калышына Өзбекстандын энергосистемасындагы авария себеп болду. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык тармак” ААКнын маалымат кызматынын жетекчиси Эльзада Саргашкаева билдирди.  
Буга чейин бишкектиктер үйүндөгү жарыгы өчүп калганын соцтармактарга жазышкан. Чүйдүн айрым жерлеринде дагы жарык берүү үзгүлтүккө учураган.
Саргашкаеванын айтымында, 8-январь күнү саат 19:03тө Өзбекстандын энергосистемасында күчү 400 МВт болгон энергоблокто авария болгон. Бирок аварияга каршы автоматика ишке киргендиктен көйгөй жоюлган. Натыйжада 19:16да республика боюнча жарык берүү калыбына келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0