Эртең Бишкекте азык-түлүк жарманкеси болот. Дареги

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүКиши азык-түлүк жарманкесинде лимонду тандап турат. Архив
Киши азык-түлүк жарманкесинде лимонду тандап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба министрлиги буга чейинки жарманкелерге шаар тургундары оң баа беришкенин билдирип, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдогон мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарына жайылтыларын айтууда.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкекте азык-түлүк жарманкелери кайрадан жанданат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жаңырган жылдагы алгачкы жарманке 9-январда Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде саат 10:00дө башталат. Ага 40тан ашык компаниянын катышуусу пландалууда. Товарлар дүң баада сатыкка коюлары айтылды.
"Мурунку жарманкелерге жарандар өздөрүнүн оң баасын беришип, кыргызстандыктар арасында суроо-талапка ээ болду. Эң негизгиси, ата мекендик өндүрүшчүлөр канааттанып, өз продукцияларын сата алышты. Ошондуктан биз бул тажрыйбаны өлкөнүн бардык аймактарына жайылтууну улантып жатабыз", — деди айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.
Жарманкеге төмөнкү товарлар коюлат:
  • эт азыктары
  • күнкарама майы
  • жумуртка
  • балык
  • ун
  • күрүч
  • сүт азыктары
  • колбаса
  • жашылчалар
  • жемиштер
  • кургатылган жемиштер
  • суусундуктар ж.б.
Кененирээк маалымат алуу үчүн (704) 25-25-55, 0 (222) 55-55-21, 0 (550) 60-40-60 номерлерине кайрылуу сунушталат.
Белгилей кетсек, өкмөт баалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн декабрь айында азык-түлүк жарманкесин баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0