Бишкекте көмүр калбай баратат. Расмий бийлик себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКиши көмүр чогултуп жатат. Архив
Киши көмүр чогултуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана жардыруудан кийин көмүрдүн запасы кеңири болуп, кара алтынга тартыштык жаралбай турганын белгилейт.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкектин тургундары калаада көмүр тартыштыгы жаралганын айтып, сатуу жайларынан таба албай жатканын билдиришти.
Ушундай мүнөздөгү кайрылуулар Sputnik Кыргызстан агенттигине бир нече шаардыктардан түштү.
Редакция “Кыргыз көмүр” ишканасына кайрылганда мунун себебин Кара-Кече кенинин иргелген көмүрдү ташуу 15-январга чейин токтотулганы менен байланыштырды.
“Биз бул тууралуу 28-декабрда маалымат таратканбыз. 1-январда кенде жардыруу иштери жүргүзүлүп, 3-январдан тарта Бишкек ТЭЦке көмүр ташылат. Жардыруудан кийин көмүрдүн катмары жабылып калгандыктан турмуш-тиричилик үчүн керектөөгө ылайыктуу иргелген көмүр 15-январдан тарта Бишкекке келе баштайт”, — деп билдирди ишкананын маалымат кызматы.
Ошондой эле жардыруудан кийин көмүрдүн запасы кеңири болуп, кара алтынга тартыштык жаралбай турганы белгиленет. 
Жаңылыктар түрмөгү
0