Новиков: чек ара бекеттеринде унаа номерин камерага жазган система ишке кирет

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктуна барган учурда
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы Чоң-Капка өткөрүү пунктуна барган учурда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чоң-Капка" чек ара пунктун көрүп чыгып бир катар кызматтардын ишине нааразычылыгын билдирген.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бир жуманын ичинде чек арадагы өткөрүү пунктуларында ар бир автоунаанын номерин камерага жазып кала турган "Жыйынды пост" системасы иштеп баштайт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктуна барганда айтты.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБир жуманын ичинде чек арадагы өткөрүү пунктуларында ар бир автоунаанын номерин камерага жазып кала турган "Жыйынды пост" системасы иштеп баштайт
Бир жуманын ичинде чек арадагы өткөрүү пунктуларында ар бир автоунаанын номерин камерага жазып кала турган Жыйынды пост системасы иштеп баштайт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бир жуманын ичинде чек арадагы өткөрүү пунктуларында ар бир автоунаанын номерин камерага жазып кала турган "Жыйынды пост" системасы иштеп баштайт
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктуна барганда айтты
Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы Чоң-Капка өткөрүү пунктуна барганда айтты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктуна барганда айтты
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче "Түндүк" мамлекеттик ишканасына тийиштүү органдар менен бир жуманын аралыгында видеобайкоолорду ишке киргизүү тапшырмасы берилген
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче Түндүк мамлекеттик ишканасына тийиштүү органдар менен бир жуманын аралыгында видеобайкоолорду ишке киргизүү тапшырмасы берилген - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче "Түндүк" мамлекеттик ишканасына тийиштүү органдар менен бир жуманын аралыгында видеобайкоолорду ишке киргизүү тапшырмасы берилген
1/3
Бир жуманын ичинде чек арадагы өткөрүү пунктуларында ар бир автоунаанын номерин камерага жазып кала турган "Жыйынды пост" системасы иштеп баштайт
2/3
Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктуна барганда айтты
3/3
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче "Түндүк" мамлекеттик ишканасына тийиштүү органдар менен бир жуманын аралыгында видеобайкоолорду ишке киргизүү тапшырмасы берилген
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче "Түндүк" мамлекеттик ишканасына тийиштүү органдар менен бир жуманын аралыгында видеобайкоолорду ишке киргизүү тапшырмасы берилген.
"Бул жүк ташыган автоунааларды мамлекеттик чек арадан өткөрүүдөгү коррупциялык тобокелчиликтерге бөгөт коёт. Өлкө аймагына кирген ар бир товарды каттоого алмайын контрабанда менен эффективдүү күрөшө албайбыз", — деп айткан Новиков.
Ал эми "Чоң-Капка" чек ара пунктун көрүп чыгып бир катар кызматтардын ишине нааразычылыгын билдирген.
И.о премьер-министра Артем Новико посетил контрольно-пропускной пункт Чалдовар - Sputnik Кыргызстан
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди
"Чек ара кызматынын маалыматы башка, Салык кызматыныкы такыр башка чыкса таң калбайм. Өткөрмө жол кенен экен, жүк ташыган транспорт салыкчыга жолобой эле өтүп кетүүдө. Азыр эле биздин машинадан ашып өткөн бензовоз, салыктык текшерүүдөн качып кетти. Ал жерге өтүүгө тыюу салган белги коюп же өтө албай тургандай кылып коюу ушунчалык кыйынбы? Эгер машиналар посттун сыртынан өтүп жатышса, ага маани бербей отурсаңар биздин жасаган иштерден пайда чыкпайт", — деди Новиков.
Соңунда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу посттун чекесинен өтө турган жолдорду жаап, кеңейтилген өткөрмө жолду ичкертип жана фиксация системасын тез арада орнотуу тапшырмасын берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0