Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар качан ачылары айтылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргыз мектеп окуучулары коргоочу маскачан сабак учурунда. Архив
Кыргыз мектеп окуучулары коргоочу маскачан сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык түрдө отургузулуп эки сменге бөлүнүшөт.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкекте 18-январдан тарта айрым мектептер кадимки режимде иштей баштайт. Ал эми 20-январда бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаада эпидкырдаал турукташып калды. Буга байланыштуу билим берүү мекемелеринин ишин жандантуу чечими кабыл алынды. Бишкектин башкы санитардык дарыгери окуу процессин этап-этабы менен жандантууну колдогон.
Бала бакчалар 20-январдан тарта иштей баштайт.
"18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык түрдө отургузулуп эки сменге бөлүнүшөт. Мындай форматта 1-февралга чейин окушат. Ал эми эпидемиологдор кырдаалга көз салышат", - дешти мэриядан.
Эгер көрсөткүчтөр туруктуу болсо, мектепке бардык окуучулар бара баштайт. Ал эми ар кандай себептерден улам офлайн-сабакка катыша албаган балдарды онлайн-окутуу маселеси каралат.
Жаңылыктар түрмөгү
0