Бизди чыккынчы дебегиле! Өкмөт Жетим-Тоо кени сатылбай турганын билдирди

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлтын кенде жүргүзүп жаткан иштер. Архив
Алтын кенде жүргүзүп жаткан иштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер шайлоо өнөктүгү маалында өкмөттү "саткындар, чыккынчылар" деп күнөөлөө өтө катуу тийгенин айтты.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Нарын облусунда жайгашкан Жетим-Тоо кени сатылбайт. Бул туурасында вице-премьер Максат Мамытканов аталган кендин айланасындагы чуу боюнча берген маалымат жыйынында билдирди.
Ал шайлоо өнөктүгү маалында өкмөттү "саткындар, чыккынчылар" деп күнөөлөп жатышканын, бул сөздөр өтө катуу тийгенин айтты.
"Жетим-Тоону эч ким саткан жок, андай оюбуз дагы болгон эмес. Биз кыргыз компаниясын түзүп, Жетим-Тоону өзүбүз иштетебиз деп жатабыз. Өкмөттө иштегенден кийин каралоо сөздөрүн көтөрүш өтө оор экен. Биз эч кимди чыккынчы дебейбиз, бирок өкмөттү чыккынчы дегендерди абайлагыла деп коёлу. Бизди чыккынчы дебегиле, эч качан андай болбойбуз. Тескерисинче, чыккынчыларды жоопко тарта турган убакыт келе жатат", — деди Мамытканов.
Ошондой эле ал кендерди иштетүү боюнча көп маселе жаралып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0