Токтогул ГЭСинде суу өтө эле азбы? Улуттук энергохолдингдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук энергохолдинг президенттикке талапкердин айткандарын жокко чыгарып, Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү тууралуу маалыматтар ачык жарыяланып турарын айткан.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматы президенттикке айрым талапкерлердин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча айткандарына тынчсызданып жатканын билдирди.
Жакында эле КТРКдагы дебатта президенттикке талапкерлердин бири Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү бийлик айтып жаткандан дагы өтө аз экенин кабарлап, ошондуктан Кыргызстанды кыйроо күтүп турганын айткан.
Улуттук энергохолдинг талапкердин бул айткандарын жокко чыгарган.
"Саясий рейтингди такталбаган маалыматтарды жайылтуу менен көтөрбөгүлө. Коомду адаштыруу күзгү-кышкы мезгилге терс таасирин тийгизиши ыктымал. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат ЖМКларга, ТВ жана радио, соцтармактарга күн сайын жарыяланып турат. Мындан сырткары, "Электр станциялары" компаниясынын сайтында да онлайн-камера бар. Ал жакта Токтогул суу сактагычындагы жумушту реалдуу режимде көрүп турса болот", — деп айтылат маалыматта.
Мекеменин маалымат кызматы суунун көлөмү тууралуу маалыматтар ачык экенин айтып, аны көз карандысыз эксперттер жана каалаган адис текшере аларын белгиледи.
7-январга карата Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 11 млрд. 927 млн. куб экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0