УКМК шайлоодогу киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча БШКга кол кабыш кылат

Жазылуу
БШК бүгүн автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды маалыматты берүү боюнча тестирлөөдөн өткөрүп, техника 95 пайызга ийгиликтүү иштеп бергенин билдирди.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан БШКнын серверине маалыматтарды коопсуз алып берүү үчүн УКМК менен биргеликте киберкоопсуздук боюнча иштер жасалып жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматынан билдиришти.
"Бүгүн урналар маалыматты берүү боюнча тестирлөөдөн өттү, 95 пайызга ийгиликтүү иштеп берди. Учурда БШКнын серверине автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан маалыматтарды коопсуз алып берүү үчүн УКМК менен биргеликте киберкоопсуздук боюнча иштер жасалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Итоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Референдумдун бюллетени кандай болот, урналар жетеби? БШКнын түшүндүрмөсү
Кыргызстандын алыскы тоолуу райондорунда 11 шайлоо участогу бар. Ал жакта интернет байланышы жок болгондуктан, урналар эң жакын жердеги интернет бар аймакка жеткирилип, маалыматтар БШК серверине жөнөтүлөт.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтөрүн аныкташат.
Жаңылыктар түрмөгү
0