Бишкекти каптаган ыш: Финпол ЖЭБ кызматкерлерине карата териштирүү баштады

Жазылуу
Акыркы жылдары баш калаада абанын булганышы өтө кооптуу чекке жеткендиги айтылып келет. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы айтылды.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарындагы абанын булганышына байланыштуу териштирүү баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Акыркы жылдары Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кетип, элдин саламаттыгы коркунучка кабылганын экологдор айтып келишет.
"Финансы полициясы абанын булгануу себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки тергөөнү баштады", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты Жазык кодексинин 233-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0