Салык кызматы: электрондук кызмат көрсөтүүдө мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн

© AFP / PRAKASH SINGHТелефон кармап турган киши. Архив
Телефон кармап турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрсөтүлүп жаткан электрондук кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында төрт күндүн ичинде сервердик жабдууларда жумуштарды жүргүзүү пландаштырылууда.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы маалыматтык тутумдарды оптимизациялоо боюнча техникалык иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Айтылган жумуштар 7-10-январь күндөрү, башкача айтканда, жумуш эмес күндөрү болмокчу. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана анын сапатын жогорулатуу максатында сервердик жабдуулар оптимизацияланат.
"7-10-январь күндөрү электрондук салык кызматынын, анын ичинде "жеке кабинет", "электрондук эсеп-фактура" жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн иштешиндеги убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр болушу ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме келтирилген ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0