УКМК: шайлоого карата өлкөгө кирген-чыккан адамдар тыкыр текшерилип жатат

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРабота таможни в а/п "Баландино" в Челябинске
Работа таможни в а/п Баландино в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого карата стратегиялык маанидеги объектилерди коргоо күчөтүлдү.
БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. Азыркы кезде шайлоо алдындагы кырдаалга такай көз салган УКМКнын Ыкчам штабы иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКнын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө режимине өттү. Ошондой эле 2021-жылдын 10-январында жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен кызматташуу тартиби иштелип чыкты.
"Чагымчыл акцияларды уюштурууга, шайлоону үзгүлтүккө учуратууга камынган диний-экстремисттик жана криминалдык топтор болсо аларды алдын ала аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле стратегиялык маанидеги объектилерди коргоо күчөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Укук коргоо органдары жана Чек ара кызматы менен биргеликте өлкөгө кирип-чыккандар тыкыр текшерилип жатат.
УКМК жарандарды провокациялык маанайдагы материалдарды жайылтуудан карманууга чакырат. Мыйзам бузгандар Кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0