Эски ыкмаларды өзгөртүү керек. Сурабалдиева Чүйдө мугалимдер менен жолукту

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча вице-премьер-министра с руководителями государственных СМИ
Встреча вице-премьер-министра с руководителями государственных СМИ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт өкүлү билим берүү тармагынын кызматкерлерине маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөнүн белгилеп, COVID-19 пандемиясы учурунда мугалимдердин эмгегине баа берилгенин айткан.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту.
Ал өз сөзүндө мугалимдерге маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөнүн белгилеген.
"COVID-19 пандемиясы учурунда окутуучулардын эмгегине жалпыбыз баа бердик. Аралыктан окутууга мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да даяр эмес эле. Бирок пандемиянын шарттары өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бүгүнкү күндө окууда эскирген, натыйжасыз ыкмаларды кайрадан карап чыгып, учурга ылайык келген заманбап ыкмаларды жана программаларды пайдаланууга өтүү зарыл. Системаны өзгөртүүгө мезгил келип жетти", — деген Сурабалдиева.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, бир катар актуалдуу маселелер талкууланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0