Шайлоо күнү Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иштейт

Жазылуу
Бишкектеги төрт райондун жетекчилерине шайлоо күнү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.
БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Бишкек шаардык мэриясында 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоого даярдыктар талкууланып, шаардык жана аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Колл-центрдин ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдин шайлоо боюнча суроолоруна жооп берчү колл-борбор иштей баштады
Шаар бийлиги тарабынан район жетекчилерине санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн шайлоо участкаларын дезинфекцияланган килемдер, термометрлер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо тапшырмалары берилген.
"Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, шайлоо участкаларында 729 медицина кызматкери нөөмөткө турушат, бардык дарыгерлер жеке коргоочу кийимдер менен камсыздалып, дары-дармектер берилген. Шайлоо күнү Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте, ал эми коомдук унаалар штаттык режимде иштейт", – деп жазылат маалыматта.
Коомдук коопсуздукту Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлгө алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0