Ажолукка ат салышкандар кандай үй-бүлөдөн чыккан? Ата-энелеринин сүрөттөрү

Жазылуу
Эртең мамлекет башына ким келери жана өлкөнүн келечеги кайсы багытка бет алары көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, элди түйшөлтүп турган чагы.
Тарбия башаты үй-бүлө дейбиз. "Адамды эл караткан да, жер караткан да — бала" деп бабаларыбыз айткандай, элибиздин эртеңин калчагысы келген эрендер кандай үй-бүлөдөн чыкты экен?
Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекетти башкарууга белсенгендердин ата-энелери тууралуу билип көрдү. Арасында ата-энеси тууралуу айткысы келбегендери да болду.

Абдил Сегизбаев

© Фото / из семейного архива СегизбаевыхАбдил Сегизбаевдин ата-энеси Кеңеш Сегизбаев жана Шарипа Абдылдаева
Родители кандидата на должность президента КР Абдиля Сегизбаева - Sputnik Кыргызстан
Абдил Сегизбаевдин ата-энеси Кеңеш Сегизбаев жана Шарипа Абдылдаева
Атасы Кеңеш Сегизбаев 1927-жылы 27-февралда Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында төрөлгөн. Кийин Таш-Мойнок орто мектебин бүтүргөн соң Айыл чарба институтунан агроном кесиби боюнча билим алган. Эмгек жолун Таш-Мойнок айылында баштайт. Кийин ошол совхоздун директору болуп шайланып, анда 15 жыл иштеген. Ал эми Абдил Сегизбаевдин апасы Шарипа Абдылдаева 1943-жылы Талас облусундагы Киров районунун Жоон-Төбө айылында төрөлгөн. Анын атасы убагында ошол райондун башкармасы болгон экен. Ал эми Шарипа Абдылдаева кесиби боюнча физика мугалими.
Абдил Кеңешович апасы тууралуу "абдан сулуу, жөнөкөй, кеменгер жана аялзатына тийиштүү бүт касиеттери бар эле. Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоого көп көңүл бурчу. Башкысы, бизди улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган кичи пейилдикке үйрөткөн" деп айткан.
Талапкер апасынан 10 жашында, атасынан 17 жашында айрылган.

Клара Сооронкулова

© Фото / иллюстрация из книги Сыргака СооронкуловаКлара Сооронкулованын ата-энеси - Сыргак Сооронкулов жана Күлүйпа Сүйүмбаева
Родители кандидата на должность президента КР Клары Сооронкуловой - Sputnik Кыргызстан
Клара Сооронкулованын ата-энеси - Сыргак Сооронкулов жана Күлүйпа Сүйүмбаева
Клара Сооронкулованын атасы Сыргак Сооронкулов белгилүү санжырачы. Ал киши өмүрүнүн көп бөлүгүн колхоз иштерине арнап, республиканын түштүк жана Талас аймагындагы айыл чарба тармагын 25 жылдан ашык башкарган. Кесиби боюнча экономист, ошондой эле КУУнун экономика факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болгон. Убагында Германияда үч жыл аскердик кызмат өтөп келген да жайы бар. "Турмушумду барактап" аттуу автобиографиялык китептин автору. Өмүрлүк жары Күлүйпа Сүйүмбаева экөө Таластан, бир айылдан болушат. Клара айымдын апасы өмүрүн мектепте балдарга билим берүүгө арнаган. Жубайлар жети баланы тарбиялап өстүрүштү.

Аймен Касенов

© Фото / из семейного архива КасеновыхАймен Касеновдун ата-энеси Абдыталип Касенов жана Күмүш Досалиева
Родители кандидата на должность президента КР Аймена Касенова - Sputnik Кыргызстан
Аймен Касеновдун ата-энеси Абдыталип Касенов жана Күмүш Досалиева
Аймен мырзанын атасы Абдыталип Касенов билими боюнча мотор инженери. Нарын облусунда көп жыл иштеген. Ал эми апасы Күмүш Досалиева Финансы техникумун аяктаган. Президенттикке талапкер Аймен Касенов үй-бүлөсү тууралуу баракчасына кененирээк билдирүү калтырып, атасын үлгүлүү адам катары эсептээрин жазган.
"Негизи билими боюнча атам мотор инженери. Ал көп жылдар бою Нарында иштеген. СССР таркаган соң Ысык-Көлдө топоз өстүрүп, азыркы учурда кыргыздын тарыхын, санжырасын изилдөөдө. Ал эми апам Каржы техникумун аяктаган, бирок мансапка караганда беш баланы жана үй-бүлөсүн багууну артык көрөт. Баса, мени кичинемден Каламкаш чоң энем чоңойткон. Ал кишинин жасаган тамактарын, айтып берген ырларын, жомокторун эч качан унутпайм", — деп жазган талапкер.
Касенов беш бир туугандын улуусу.

Канат Исаев

© Фото / предоставлено штабом Каната Исаева Канат Исаевдин ата-энеси - Кедейкан Кулов жана Асымбүбү Ташибаева
Родители кандидата на должность президента КР Каната Исаева - Sputnik Кыргызстан
Канат Исаевдин ата-энеси - Кедейкан Кулов жана Асымбүбү Ташибаева
Кедейкан Кулов 1934-жылы 10-сентябрда туулган. Кедейкан Исаевич гидромелиоративдик техникумдан жана Алматыдагы жогорку партиялык мектептен билим алган. Кичи Кеминде колхоздун катчысы, парткомдун төрагасы болуп иштеген. Ардактуу эс алууга чыккыча суу чарба системасында да эмгектенет. "Ардак белгиси" жана "Эмгек ардагери" медалы менен сыйланган.
Апасы Асымбүбү Ташибаева 1941-жылы туулган. Ал ошол кездеги Фрунзе шаарындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктап, 1964-жылдан 2015-жылга чейин мектепте физикадан сабак берген. КРдин эмгек сиңирген мугалими. Канат Исаевдин ата-энеси жети баланы тарбиялап өстүрүшкөн.

Мыктыбек Арстанбек

Мыктыбек Арстанбектин ата-энеси Арстанбек Батырбеков менен Айбарча Иранова экөө тең мугалим болгон.

Каныбек Иманалиев

© Фото / предоставлено Каныбеком ИманалиевымКаныбек Иманалиевдин ата-энеси - Капаш Иманалиев жана Расия Абыкеева
Родители кандидата на должность президента КР Каныбека Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Иманалиевдин ата-энеси - Капаш Иманалиев жана Расия Абыкеева
Капаш Иманалиевдин кесиби мугалим, эл агартуунун отличниги. Ал киши 2005-жылы 73 жашында кайтыш болгон. Апасы Расия Абыкеева учурда 83 жашта, кесиби боюнча мугалим. Учурда жети уул-кыздын, 30дай небере-чөбөрөнүн төрүндө балпайган чоң эне.

Имамидин Ташов

© Фото / предоставлено штабом Имамидина ТашоваИмамидин Ташовдун ата-энеси - Асамидин Ташов жана Саипжамал Абдукаимова
Родители кандидата на должность президента КР Имамидина Ташова - Sputnik Кыргызстан
Имамидин Ташовдун ата-энеси - Асамидин Ташов жана Саипжамал Абдукаимова
Атасы Асамидин Ташов 1951-жылы туулган. Адистиги боюнча агроном. Апасы Саипжамал Абдукаимова 1958-жылы жарык дүйнөгө келип, мугалимдикти аркалаган. Имамидин Ташов беш бир туугандын улуусу. Ата-энеси үч уул, эки кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Имамидин мырзанын кичи мекени —  Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндөгү Кара-Кыштак айылы. Асамидин аксакал 2019-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан. Саипжамал эне азыр Кадамжайда турат.

Элдар Абакиров

Элдар Абакировдун атасы Курманбек Абакиров 40 жылдан бери Кыргызстандагы ЖОЖдордо филология боюнча студенттерге билим берип келет. Апасы Бурул Шарипова мектептерде орус тилдүү класстарга кыргыз тилин окуткан. Учурда үй кожейкеси.
Эскерте кетсек, Элдар Абакиров төрт бир тууган.

Равшан Жээнбеков

© Фото / предоставлено штабом Равшана ЖээнбековаРавшан Жээнбеков уулу жана атасы Бабырбек Жээнбеков менен
Родители кандидата на должность президента КР Равшана Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Равшан Жээнбеков уулу жана атасы Бабырбек Жээнбеков менен
Президенттикке талапкерлигин койгон Равшан Жээнбеков учурунда коомчулукка белгилүү ишмер, "Алиби", "Ачык саясат" саясий гезиттеринин негиздөөчүсү Бабырбек Жээнбековдун уулу экенин көпчүлүк жакшы билет. Бабырбек Субанович журналистика айдыңында бир топ жыл эмгектенген. Кийинки жылдары Монополияга каршы мамлекеттик агенттигин да жетектеп турду. Бабырбек Жээнбеков 2019-жылы узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ал эми Равшан Бабырбековичтин апасы Самен Жайлообаева 1952-жылы туулуп, 2011-жылы каза болгон. Ал соода тармагында эмгектенчү.

Бактыбек Калмаматов

© Фото / предоставлено штабом Бактыбека КалмаматоваБактыбек Калмаматов атасы - Орозалы Калмаматов менен
Родители кандидата на должность президента КР Бактыбека Калмаматова - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Калмаматов атасы - Орозалы Калмаматов менен
Бактыбек Калмаматов да мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 
© Фото / предоставлено штабом Бактыбека КалмаматоваБактыбек Калмаматов апасы менен
Родители кандидата на должность президента КР Бактыбека Калмаматова - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Калмаматов апасы менен
"Атам өмүрүнүн дээрлик көпчүлүк бөлүгүн айдоочулук менен өткөрдү. Бул боюнча сабак берип дагы жүрдү. Кийин өзүнүн кесибине байланыштуу сот аткаруучу болуп да иштеди. Раматылык 2014-жылы каза болуп калды. Ал эми апам кесиби боюнча мугалим болуп, кийин китепканачы да болуп эмгектенген. Азыр үйүбүздүн куту болуп төрүбүздө отурат. Биз төрт бир тууганбыз. Баары үйлөнүп-жайланышкан. Мен үй-бүлөдө эң улуусумун, эки карындашым, иним бар", — деди Бактыбек Калмаматов.
Калмаматов бала чагында атасынын жумушуна байланыштуу көп жер которуп көчүп-конушканын журналисттер менен болгон маегинде айтканы бар. Ал көбүнчө чоң атасынын колунда өскөн. Бирок апасынын китепканада иштегени анын китепти көп окуусуна түрткү болгон экен.

Улукбек Кочкоров

© Фото / предоставлено штабом Улукбека КочкороваУлукбек Кочкоров атасы - Тойчубек Кочкоров менен
Родители кандидата на должность президента КР Улукбека Кочкорова - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Кочкоров атасы - Тойчубек Кочкоров менен
Улукбек Кочкоровдун атасы айыл чарба инженери болуп эмгектенген, азыр пенсияда. Энеси болсо эсепчи болгон. Ата-энесинин эмгекчилдигин Кочкоров дайыма үлгү катары көрөт.
"Атам да, апам да пенсияга кеткиче бир орунда иштешти. Жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон адамдар. Атам биз тура электе эле жумушка кетип, комбайн, тракторлордун ары-бери жагын карап керээли-кечке талаада жүрчү. Кайра үйгө биз уктап калганда, түн киргенде келчү. Атамдын көз карашынан эле баарыбыз сестенчүбүз. Азыр кээде балдарым бейбаштык кылып баратканда атамдын ыкмаларын колдоном", — деген Кочкоров маектеринин биринде.
Талапкер алты бир туугандын улуусу. Бардыгы жогорку билимдүү.

Жеңишбек Байгуттиев

© Фото / из семейного архива БайгуттиевыхЖеңишбек Байгуттиевдин ата-энеси - Сейтбек Байгуттиев жана Роза Жумагулова
Родители кандидата на должность президента КР Женишбека Байгуттиева - Sputnik Кыргызстан
Жеңишбек Байгуттиевдин ата-энеси - Сейтбек Байгуттиев жана Роза Жумагулова
Жеңишбек Байгуттиевдин атасы Сейтбек Байгуттиев 1931-жылы Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында туулган. Ал киши Кыргыз улуттук университетинде эмгектенип, доцент болгон. Атасы сабак өткөндү жана студенттери менен экспедицияга чыкканды жакшы көргөн. Кыргызстандын географиясы тууралуу көптөгөн эмгектерди жазган, комузда кол ойнотуп, саякатка көп чыккан. Жеңишбек Сейтбековичтин апасы Роза Жумагулова медицина тармагынын адиси. Роза апа 1942-жылы Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында туулган. Ал терапевт жана физиотерапевт катары эмгектенип, "Теплые ключи" эс алуу жайында башкы дарыгердин жардамчысы, андан кийин башкы дарыгер кызматын аркалаган.
Атасы 2002-жылы, ал эми апасы 2013-жылы көз жумган.

Адахан Мадумаров

© Фото / из семейного архива МадумаровыхАдахан Мадумаровдун атасы - Кимсанбай Мадумаров
Родители кандидата на должность президента КР Адахана Мадумарова - Sputnik Кыргызстан
Адахан Мадумаровдун атасы - Кимсанбай Мадумаров
Адахан Мадумаровдун атасы Кимсанбай Мадумаров 1935-жылы туулган. Ал киши Өзгөн районунун Куршаб айылындагы мектепте дене тарбия мугалими болуп эмгектенип, кийин пенсияга чыккан соң дыйканчылык менен алектенген. Кимсанбай аксакал так илимдерде жана дин жаатында билими терең адам болгон дешет. Эки жолу ажыга барып келген. 
© Фото / из семейного архива МадумаровыхАдахан Мадумаровдун агасы жана апасы Саламат Мадумарова
Родители кандидата на должность президента КР Адахана Мадумарова - Sputnik Кыргызстан
Адахан Мадумаровдун агасы жана апасы Саламат Мадумарова
Ал эми апасы Саламат Мадумарова 1938-жылы туулган. Ал убактысын үй-бүлөсүнө гана арнап, үй кожойкеси болгон. Абышкасы экөө сегиз баланы жарыкка алып келип, тарбиялап өстүрүшкөн. Адахан Мадумаров бир туугандардын экинчиси.
Атасы 2011-жылы, апасы 2015-жылы дүйнө салган.

Бабыржан Төлбаев

© Фото / предоставлено штабом Бабыржана ТольбаеваБабыржан Төлбаев атасы - Латихан Төлбаев менен
Родители кандидата на должность президента КР Бабыржана Тольбаева - Sputnik Кыргызстан
Бабыржан Төлбаев атасы - Латихан Төлбаев менен
Мамлекеттин тагдырын колго алгысы келгендердин бири Бабыржан Төлбаев маектеринин биринде жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөндүгүн айтып берген. Атасы Латихан Төлбаев 1932-жылы Ош шаарында туулган. Ал киши шахмат ойногонду жакшы көрчү экен. Апасы Хабибахон Төлбаева — эмгек ардагери. 
© Фото / предоставлено штабом Бабыржана ТольбаеваБабыржан Төлбаев апасы - Хабибахон Төлбаева менен
Родители кандидата на должность президента КР Бабыржана Тольбаева - Sputnik Кыргызстан
Бабыржан Төлбаев апасы - Хабибахон Төлбаева менен
"Апам алгач жибек комбинатында, кийин бала бакчада ар кандай жумуштарда иштеген. Атам басмаканада, андан соң Ош шаарындагы Лебедев атындагы физика институтунун Памир экспедициясында улук лаборант болду. Үйдө жети бир тууган элек. Мен эң кичүүсүмүн, төрт байкем жана эки эжем бар", — деген Төлбаев.

Арстанбек Абдылдаев

© Фото / из семейного архива АбдылдаевыхАрстанбек Абдылдаевдин ата-энеси - Бейшеналы Абдылдаев жана Саликан Кененбаева
Родители кандидата на должность президента КР Арстанбека Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Арстанбек Абдылдаевдин ата-энеси - Бейшеналы Абдылдаев жана Саликан Кененбаева
Арстанбек Абдылдаевдин атасы Бейшеналы Абдылдаев 1934-жылы Ат-Башы районунун Дыйкан айылында туулган. Апасы Саликан Кененбаева 1936-жылы жарык дүйнөгө келет. Бейшеналы аксакал 1951-жылдан 1976-жылдарга чейин аталган райондогу Кара-Суу айылындагы "Коммунизм" колхозунда чабан болуп эмгек өтөгөн. Негизинен талапкердин ата-энеси экөө тең өмүр бою колхоздо эмгектенип, 1991-жылы ардактуу эс алууга чыгышкан. Бейшеналы Абдылдаев 2002-жылы Меккеге ажылыкка да барып келген. Байбичеси экөө сегиз баланы тарбиялап өстүрүп, окутушкан.
Апасы Саликан айым дагы чабандын жардамчысы болуп,"Алдыңкы саанчы", "Үлгүлүү үй-бүлө", "Күжүрмөн чабан" деген сыйлыктардын ээси болгон.
Арстанбек Абдылдаевдин атасы 2007-жылы, ал эми апасы 2009-жылы көз жумган..

Садыр Жапаров

© Фото / предоставлено штабом Садыра ЖапароваСадыр Жапаровдун ата-энеси - Нуркожо Мустали уулу жана Кадича Жапарова
Родители кандидата на должность президента КР Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун ата-энеси - Нуркожо Мустали уулу жана Кадича Жапарова
Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо Мустали уулу 1936-жылы Кытайда туулган. 2017-жылы 84 жашында дүйнө салган. Апасы Кадича Жапарова 1942-жылы туулган. Көп жыл сакманда иштеп, 2019-жылы 7-мартта каза болгон. Жубайлар 10 баланы тарбиялап өстүрүшкөн, Садыр Жапаров үйдө төртүнчү бала экени айтылып келет.

Курсан Асанов

Курсан Асановдун ата-энеси тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбоду.
Жаңылыктар түрмөгү
0